www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмү боюнча эки комиссия түзүлдү. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, экспертизада вакцинанын изи калган эмес.
«Өлүмдүн себеби гистологиялык изилдөөлөрдөн кийин белгилүү болот. Ал киши вакцинаны өзү ала алмак эмес. Ал эми түндө балдар ооруканасында эч ким эмдемек эмес. А эмне үчүн түнкүсүн балдар ооруканасында чоң кишиге тамчылатма дары сайылган?
Албетте, бул кандайдыр бир материалдык кызыкчылык үчүн жасалган. Кылмышкерлер жазаланат. Экинчи комиссия канча адам эмделгенин жана канча вакцина сарпталгандыгын текшерүү үчүн эмделген жана вакциналык флакондордун бардык аталыштарын изилдейт», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Эске салсак, буга чейин 39 жаштагы Бахтияр Шакировдун эмделгенден кийин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумганын ММКлар жазып чыгышкан.
Булак: NazarNews.kg