www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Баш мыйзам өзгөрүү алдында турат. 11-апрелде референдум өтөт, колдоого негиз барбы?

- Азыркы Конституция боюнча президенттин укуктары жана жоопкерчилиги абдан кызык. Аткаруу бийлиги боюнча эки гана министрди дайындай алат, бирок баарын көмүскө башкара берет. Башкача айтканда, де-юре укугу жок, де-факто аткаруу бийлигин толук башкарып келди акыркы 10 жылда. Ал эми жаңы Конституция боюнча кандай? Президент аткаруу бийлигин толук өзү курайт, ЖКнын макулдугу менен өзү башкарат, өзү жооп берет.

Башкача айтканда, де-юре да, де-факто да президент башкарат аткаруу бийлигин... Жалпак тил менен айтсак, акыркы 10 жылдан бери өмүр сүрүп келген президенттин көмүскө башкаруусуна чекит коюлду. Ачык укук берилди, ачык башкарсын жана жооп берсин деген.

Эң кызыгы, 10 жылдан бери эле Жогорку Кеңеш аткаруу бийлигин калп эле «түзүп келатабыз» дегени менен, эл да, депутаттар өздөрү деле билишет, ким премьерди жана министрлерди тандап келе жатканын.

Албетте, президент. Эми ошол де-фактону де-юре кылып бергендин эмнеси жаман? Же президент эч укугу жок эле мурункудай көмүскө башкара берсинби? Өзүбүздү, элди, коомчулукту эмне мынча алдайбыз? Жаңы Конституция ушундай саясий эки жүздүүлүккө чекит коёт. Укугу бар адам бийлеш керек да, жашырынбай...

Булак: Азия News гезити

Последние новости