www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий интеллигенциянын калың катмары таңгалууда. Бажы кызматына эки жолу төрага болгон Кубанычбек Кулматовду эмне үчүн күч органдары суракка албайт? «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен териштирүү жүргүзүшсө болбойбу? Же Кремлдин коңгуроосу коррупцияга каршы күрөшүүгө бөгөт салдыбы? Кыйчалыш суроолор көп.

Дегенибиз, Райымбек Матраимов Ош бажысын башкарып, 2015-жылы борбордук аппаратта орун басарлардын бири болгон. Мындай кадрлар арбын эле да. Канча начальниктер, орун басарлар иштешти? Алардын баарын «казышпай» эле бир тараптуу нукка салышып, АКШ департаментинин пиар акциясын ээрчүү менен Райымбек Матраимовду көрүп калышыптыр. Төрт-беш жылдан бери эле төө бастыда келе жатат. Коомчулук да ээрчиме эмеспи, биринчи айтылган сөздөргө ишенип алышат экен.

Ошентип, Алмазбек Атамбаевдин кара пиары, батышчылдардын тескери обону менен бир беткей кара боёкто калган да. Райымбек Матраимовго караганда Кубанычбек Кулматовдун жашырган миллиондору, чет өлкөгө чыгарган байлыктары көп экенин танабызбы? Албетте, бул жагынан калыс каралбай калды. Бажы тармагында билинбей байып, тымпыйып жүрүшкөн ондогон олигархтар, миллиардерлер арбын. Эмне үчүн алар көмүскөдө калат да, баягы «топурагы жеңил» каарманыбыз торго түшөт?

Кыскасы, мамлекеттин казынасына 2 миллард сом төлөп берген Райымбек Матраимовду камактан чыгарып, укуктук талаада эркиндигине кам көрүлүшү керек. Эгерде кандайдыр бир суроолор болсо, ал качып кетпейт да. Жооп берет. Анын үстүнө ден-соолугу начарлап, жүрөгү ооруп жаткан чакта гумандуулукка көңүл буруу зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости