www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр  Бейшеналиев COVID-19 илдетинен айыгып, ишке чыкты

Таажы илдетин жуктурган саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев сакайып, ишке чыкты. Маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, министрдин абалы бүгүнкү күнгө карата канааттандырарлык, ПЧР анализ анализинин жыйынтыгы терс чыккан.

«Министр ишке чыгып, жаңы ковиддик стационарларды ачуу иштери менен алектенүүдө. Эртең менен Суворов училищасынын жетекчилиги менен коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн орун даярдоо боюнча жолукту», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эмдөөдөн өткөн министр Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин коронавирус инфекциясын жуктуруп алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости