www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19дун мизи качан кайтарын айтты

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну эң бийик чегине жетти, 10-15 күндөн кийин анын мизи кайта баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Үч ай мурда эпидемиологиялык абалдын эң курч учурун июнь-июль айларына туура келет деп айткам. Менин оюмча биз эң жогорку чегине жеттик. Оору 10-15 күндөн кийин азая баштайт», — деди министр.

Акыркы жумаларда Кыргызстанда эпидемиологиялык абал өтө курчуп, күн сайын 1 миңден ашык кишиден вирус аныкталып жатат. Ошондой эле COVID-19 суткасына 10го чукул кишинин өмүрүн алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости