www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендин экс-губернатору Суваналиев өзүн кристаллдай таза сезип, контрабанданы күчөткөн шопур болчу деп делбелектеп жатат. Мейли контрабанданы Илмиянов күчөтсүн, ал эми губернатор болуп туруп карапайым элдерди кабыл албай, Тажикстанды көздөй жогору жактан уруксаты жок, кирип кеткени «Көтаниге» абийир алып келдиби? Аны эл чек ара чырын басат деп ишенип алып келсе, ал болсо жашырынып "шпион" Жеңиш Разаковго окшоп, Рахмон жетектеп турган Тажикстанга, Согди облусунун Хожент шаарына кирип кетип үч күн жоголуп кетип, кайра келген. Эмне анын акчасын Рахмон күбүдүбү же акча бердиби?  Эгер «Көтани» губернатор болуп турса эмгиче Баткенге берген эсепке салган жардамдардын ишпалдасы чыкмак. Азыркыга чейин бул козголо элек. Баткендиктер үчүн жеңил конструкцияда 46, ал эми каза тапкандардын үй-бүлөсү үчүн кирпичтен 36 үй курулуп жатат. Мындан сырткары, социалдык объектилер — мектеп, бала бакча жана ФАПтар курулуп, оңдолуп-түзөлүп жатышы жакшы көрүнүш. Турак үйлөр тартылган демөөрчүлөрдүн эсебинен, ал эми социалдык объектилердин арбыны мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынып жана калыбына келтирилүүдө.

Баткендеги контрабанданын баары «шоопурдан» башталган. Мындай жогорку классикалуу ой жорууну Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев super.kg порталына берген маегинде саймедиреди: «Контрабанда боюнча айтылып жаткан сөздөрдүн баары чын. (Контрабанда бар экенин «Көтани» мойнеуна алды). Өзүңөр ойлоп көрсөнөр, эң жакыр облус бул Баткен облусу. Жада калса таза суу маселелеринде тартыштык бар. Жөнөкөй эле түтүк чыгара турган заводду ал жакка эч ким курган жок. Бирок шайлоого келгенде депутаттыкка аттангандар миллиарддаган сомдорду коротуп жатышпайбы. Бул эмнени билдирет? Бул деген бүт баары контрабанда менен байыды дегенди түшүндүрөт. Баары «шоопурдан» башталган. Андан ары чоң кызматтагылардын өкүл баласы, күйөө баласы болуп уланып кеткен. Алардын Баткенде 1 дагы фирмасы жок. Баары Бишкекте, сайттары, телевидениелери бар. Алар Баткенди жөн гана колдонуп келишкен жана контрабанданы ошол бойдон кармап тургусу келет», - деп өзүнө эч нерсе жолоткусу келбейт «Көтани».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйынында журналисттер Баткендеги күйүүчү май контрабандасы жөнүндөгү иликтөөдө анын аты аталганына кызыгышты. Ага Ташиев мындай жооп берди: “Кичинекей Арка айылында 15 май куючу жай болгон. Эмнеге? Алар күйүүчү майды коңшу өлкөгө сатышкан. Контрабанда ошол май куючу жайларда болгон”. Бирок, Ташиев иликтөөдө өзүнүн аты аталганы тууралуу суроого жооп берген жок. Эркин журналист “Баткендеги май куюучу жайлар кимдики?” аттуу биргелешкен журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө май куюучу жайларга аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары ээлик кылары көрсөтүлгөн. Ушуларга «крыша» болуп турган «Көтани» кеткен соң контрабанда азайып калгандай.

Кыргызстандыктардын Баткендеги чек ара жаңжалынан кийин аймакка жардам кылуу үчүн атайын эсепке которулган акчасы эч жакка жумшалган эмес. Каражат жабыр тарткан аймакты колдоого жана зыян тарткан элге жардам көрсөтүүгө чыгымдалат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди. Мындай маалымат  "Баткен облусун калыбына келтирүү — соцобъектилер, компенсациялар, жолдор" деп аталган брифингде айткан.

Жунушалиев өлкөнүн ичинде жана чет мамлекетте жашаган кыргызстандыктар Баткен облусуна жардам кылуу боюнча демилге көтөргөнүн эске салды. Коммерциялык уюмдар да көмөк көрсөтүү ниетин билдирип, мамлекеттик органдардын кызматкерлери бир күндүн айлык акысын которушкан. "Министрлер кабинетинин Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 116 миллион сом, ӨКМдин атайын эсебине 2,5 миллион сомдон ашык акча чогулган. Бүгүнкү күнгө чейин ал каражат эч жакка жумшалган эмес. Бул жумада акчаны эмнеге, кантип колдонуу тартиби аныкталат. Негизинен имараттарды, курулуштарды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө, андан сырткары, чек ара жаңжалында жабыркап, зыян тарткандарга жардам кылууга кетет", — деп түшүндүрдү ал.

Эл чек ара үчүн урушуп жатса губернатор Суваналиевдин оюу губернаторго кошумча ыйгарым укук берүү боло турган. Министрлер кабинетинин төрагасы Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Кеңешменин журүшүндө башка маселелер менен катар «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» документи аймактагы тургундардын жашоосуна олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келиши керек. «Мыйзамдын негизги милдети — жаңы жумушчу орундарын түзүү менен социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жашоочуларды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүү аркылуу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу. Биз Баткен облусунда жашаган ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүүбүз керек. Адамдар ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө жашашы керек», - деди ал.

Ал үчүн аймакты өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана көзөмөлдөө боюнча Координациялык кеңешти түзүү менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

«Жеңилдетилген каржылоонун механизмдери иштелип чыккан, облусту өнүктүрүү бюджетин түзүүнүн атайын тартиби бекитилген, мамлекеттик кепилдиктерди караган атайын салык жана инвестициялык режим киргизилген», - деп белгиледи экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев.

Ал регионго өзгөчө статус берилгенден кийин, товарларды, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими киргизилерин жана Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жеңилдиктер сунушталарын кошумчалады.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунун алкагында, Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана ага төмөнкү укуктардын ыйгарылуусу каралган:

- атайын функционалдык-административдик, уюштуруучулук-бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктар жана өзгөчө статус;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости