www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Нуруйпа Муканова президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, буга чейин президенттин алдында Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн. Аталган кеңешти түзүүнүн негизги максаты — коррупцияга каршы иштөө маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу.

БШКнын маалыматтарынан өткөн референдумда Муканова президенттик башкарууну колдогон үгүттөө тобун жетектегендигин окууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости