www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алжир Демократиялык Республикасынын Президенти Абделкадер Бенсалах Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Алжир элинин жана Өкмөтүнүн, жеке өзүмдүн атымдан кирип келген Эйд эль-Адха ыйык майрамы менен чын дилден чыккан куттуктоолорду жолдойм. Бул ыйык майрамда Сиздин өлкөңүздөгү боордош элге, ошондой эле жалпы ислам уммасына жакшылык жана Жараткандын колдоосун суранам. Сиздин жогорку урматыңызга бардык жакшылыктарды жана чын ден соолук каалайм.

Боордоштуктун символу болгон бул ыйык майрамдан пайдаланып, бири-бирибизди кечирүүнү жана ислам уммасы арасындагы кепилдикти, дагы бир ирет Сиз менен боордош мамилелерди бекемдөө жана биздин өлкөлөрдүн ортосундагы бакубаттык, коопсуздук жана туруктуулук аспектилерде эки өлкө элдерин өнүктүрүү үчүн  ар дайым кызматташууга даяр экендигибизди билдирем», — деп белгиленет Алжир Президентинин куттуктоосунда.

 

Последние новости