www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Аманкан Батырбекович, кийинки күндөрү айыл чарба министрлигинин дарегине көп сындар айтылууда. Тармактык комитеттин төрагасы катары бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
-- Эми ар бир министрликте кемчиликтер болот да. Ооба, кемчиликтер көп, айтылып жаткан сын пикирлер туура эле. Алгылыктуу жасалып жаткан жумуштары, туура эместери да бар.
-- А министрдин жеке өзү боюнча эмне айта аласыз?
-- Ал амбициялуу министр. Балким, өзүмбилемдикке көбүрөөк берилип аткандыр, өзүнүн ою бардыр. Кылган кызматын кылууда, бирок кемчиликтер көп.
-- Ал кызматтан кетиши керекпи, кошуласызбы?
-- Агрардык комитеттин төрагасы катары менин “кетсин” дегеним туура эмес болуп калар. Комитет – бул коллегиалдуу орган. Ар бир маселесин карап чыгабыз. Эгер татыктуу болбосо, мыйзам бузган учурлары, аткарылбаган жумуштары болсо, анда ачык эле айтабыз, “ээлеген кызматына татыктуу эмес” деп. Бүгүнкү күндө аракети, жасап жаткан жумуштары бар. Жумуш кичинеден жүрүп жатат.
-- Үрөн боюнча көйгөйлөр чыгып жатканы чынбы?
-- Үрөн боюнча чоң маселелер бар. Быйылкы жылы үрөн келди, бирок бизге региондордон арыздар келип түшүүдө. Суусамырдан, Ысык-Көлдөн, Ат-Башыдан кээ бир үрөндөр туура эмес келип калган деген маанидеги даттануулар арбын. Биз муну матрезерв менен чогуу карап чыктык. Россиялык төрт фирма менен келишим түзүлгөн экен. Ошолордун бирөөндө сапаты жагынан кичине көйгөй чыкты. Бирок, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алардын өкүлдөрү бул жакка учуп келишти. Мен билгенден 52 сомдон сатылган экен, 19 сомдон кайра кайтарышты. Азыр Ат-Башы менен Ысык-Көлдү териштирип жатабыз. Ошол эле үрөндү Чүй облусунда эккендер 60-70 центнерге чейин түшүм алышкан.
Ал эми Ысык-Көлдө андай болбой калган. Бул жерде үрөнгө гана эмес, жердин климаттык шартына да байланыштуу жагдайлар бар. Ошон үчүн лабораториялык сыноолорду карап жатабыз. Балким, биздин өзүбүздөн да кемчиликтер кеткендир.
Ачыгын эле айтышыбыз керек, Суусамырды биз изилдеп көрдүк, аякта кечирээк эгилип калыптыр. Ал эми жакшы иштеген дыйкан чарбаларыбыз арбын эле түшүм алып жатышат. Бирок, бир фирма боюнча көйгөй бар. Аны биз текшерип, жылдын аягына чейин жыйынтыгын чыгарабыз.
Булак: Азия News гезити