www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын эң ири интернет базары болгон «Amazon» компаниясы Кыргызстанда товар өндүргөндөр үчүн соода мүмкүнчүлүгүн ачты.

Мындан ары каалоочулар аталган компаниянын онлайн порталына катталуу менен өз товарын эл аралык платформада сата алат.

Кыргызстанга ачылган мүмкүнчүлүк тууралуу «Amazon» интернет сайтындагы өлкөлөрдүн тизмеси жаңырганда белгилүү болду. Борбор Азиядан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан да бул тизмеге кирди.

Белгилей кетсек, буга чейин эң ири интернет базарга кыргызстандыктар катталганы менен өз товарын сатууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондой эле, дүйнөлүк базарда сатылган товарды Кыргызстанга жеткирүү кызматы болбой келген.

Эми каалоочулар компаниянын сайтына расмий катталып, банктагы эсеп номурларын да киргизүү менен соода баштай алышат.

«Amazon» - дүйнөдөгү эң ири электрондук базар болуп саналат.

Эске салсак, буга чейин кыргызстандыктар үчүн «Wildberries» онлайн соода платформасы алып-сатууга мүмкүнчүлүк ачкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости