www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкада кулчулук жоюлган күн майрам катары белгиленет

Президент Джо Байден Кошмо штаттарда кулчулук жокко чыгарылган 19-июнду федералдык майрам күн деп таануу боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу "Америка абазы" радиосу кабарлады.

Өкүлдөр палатасындагы дебаттар учурунда Техастан демократ Шейла Жексон Ли Америкадагы кулчулук жоюлган күндү эскерүүнүн урматына 19-июнду федералдык майрам катары таануу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкканын билдирген.

АКШнын Техас штаты 1980-жылы 19-июнду расмий майрам деп жарыялаган. Анын артынан көпчүлүк штаттар аны тааныган. Бул күндү эркиндик күнү, же кулчулук жоюлган күн деп да аташат.

Бул жолку мыйзам долбоору боюнча жаңы федералдык деңгээлдеги майрам расмий түрдө "Улуттук көз карандысыздык күнү" деп аталат. 19-июнь - ошондо федералдык деңгээлде белгилене турган АКШдагы 11-майрам күн болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости