www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жарым миллиард эли бар Кытай сыртка бир кашык ун да чыгарбайт. Бирок, «Кумурскадан жүн кыркып, чымындан сүт сааган» Жапаровдун келиши менен кандай сүйлөшүүлөр болгонун ким билет, Кытайдан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна өсүмдүк майы, 20 миң тонна кумшекердин келе турган болду. Жапаров «Кумтөрдү» унутту, бүгүн жеңин түрүнүп алып тонналаган ун, өсүмдүк майы, кумшекер алып келем деп чапкылап жүрөт. Ал колдон келген резервдерди карап. Казакстан менен сүйлөшүп, 10 миң тонна ун алып келе калды. Аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу кампаларга киргизиптир.

Быйыл түшүм 20 пайызга төмөндөй турганын  Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков  билдирди. Буга депутаттар министр менен макул болгон жок. Бирок депутаттардын айтымында, быйыл 2020-жылга караганда түшүм 50 пайызга аз болот. Чүй облусунда кылкандуу дан эгиндери өтө төмөн, аны комбайн менен жыйноо мүмкүн эмес. Дыйкандар 20 центнердин ордуна 10 гана түшүм алабыз деп жатышат, ошондуктан түшүм 50 пайызга аз болушу мүмкүн.

Муну минкабдын төрагасы Улукбек Марипов кырдаал аянычтуу экендигин мойнуна алды: «Мен өзүм мурун себилген дан эгиндерин жыйнап алууга боло турган талааларды көрдүм. Жалпысынан абал начар. Ошондой эле тамак-аш маселеси бар. Ошентип, адамдар мал сата башташты. Алардын баасы да түшүп кетти. Ошондуктан, биз мал экспорттоого болгон тыюуну алып жатабыз. Адамдар азык-түлүк сатууга жана сатып алууга убакыт табышы керек. Бизге да малды сактап калуу керек. Насыялар боюнча жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Ошондой эле буудайды азыртан сатып алып, Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна топтошубуз керек», – деди министрлер кабинетинин башчысы.

«Эгерде маселе менде болсо, азыр кеткенге даярмын. Мен деле жыргаганыман иштеп жаткан жерим жок, кыйынчылык болуп жатат. Биз уктабай иштеп жататбыз. Башкы максатыбыз маселени чечүү. Президент «Кумтөрдөн» баштап, баардык маселени коюп жатат. Аракет кылып жатабыз.

Пара алып, кызматка бирөөнү койгон болсом азыр иштен кеткенге даярмын. Эгерде көйгөй менде гана болуп жатса, кызматтан кетүүгө даяр экенимди айткым келет. Чечим кабыл алыңыздар. Эмоцияга алдырсам кечирип коюңуздар!

Бирок ошол эле учурда жоопкерчилик алганга дагы даярмын, кызматка ошол себептен келгем. Капиталдык салымдар жетпей жатат, чече албай жатам. Каягына жеткирели? Суу жетпей жатат. Ушул маселелерди биргеликте чечип, кырдаалдан чыгабыз буюрса. Урматтуу депутаттар, биз бири-бирибизди чукулап, кызматтан алуудан эч бир маселе чечилбейт. Өкмөттү ар бир алты ай сайын алмаштыралы маселе чечилеби?», - деди Марипов

Анын айтымында, жыл башында өсүмдүк майын, селитраны жана күйүүчү-майлоочу майды экспорттоого тыюу салынган.

«Мен бардык маселелерди 100% чечебиз деп убада бере албайм. Бирок биз колубуздан келгендин бардыгын жасайбыз. Башка өлкөлөрдөгү кырдаалды дагы караш керек», - деди ал.

Анын айтымында, буга чейин тарифтер боюнча эч ким жоопкерчиликти алган эмес.

«Тарифтер жөнүндө коомчулукка ачык айта баштадык. Эгерде биз энергетикалык көйгөйлөрдү чечпесек, инвесторлорду тартпасак, анда биз же жарыксыз калабыз, же тарифти көтөрүшүбүз керек», - деп кошумчалады ал.

Депутаттар элдин акчасына чардап, кымбат баалуу унаада жүргөн аткаминерлерге сын айтып, суу маселесин тез арада чечүүнүн талап кылды.

«Биз деген агрардык республикабыз. Бизде суу деген бар. Башка мамлекеттерди карап көрөлүчү Кашгар, Синь-Цяньда, Казакстанда, Тибетте суусу «практически» жок деп айтсак болот. Ошондо деле алардын айыл чарбасы өнүгүп жатпайбы. Алдын ала иштерди жүргүзүү деген жок да бизде. БСРге ошол сууларды чогултсак деле болмок да. Казактар, өзбектер деле ошол биздин сууну чогултуп жатышпайбы.

«Ложка дегтя портит бочку меда» дегендей, азыр кетем мына кетем дебей иштегиле да. Же болбосо мен жоопкерчиликке даярмын деп айтпай эле кетип калыш керек. Ачыгын айтканда биз көп сүйлөйт экенбиз да. Баарын кыйратабыз дейт. Кана кыйраткандары? УОСтун начальниктеринин машинелерин карагылачы. Санап берейинби, кимдин кандай машине айдаганын? Ошонун баары коррупция да. Элдин суусун сатып бутка туруп жатышат. Ушунун баарын токтоткула сураныч!», - деп белгиледи депутат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости