www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кентукки штатынын губернаторлугуна талапкер, демократ саясатчы Жеффри Янг АКШны коррупциялашкан өкмөт башкарарын билдирди.

"АКШда акчага сатып ала турган эң жийиркеничтүү өкмөт бар", - деп Янг өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, Янг буга чейин да Вашингтондун аракеттери тууралуу бир нече жолу катаал билдирүүлөрдү жасап келген. 

Акыркы жолу 14-январда ал Байденди Украина, Йемен, Сирия, Ирак жана башка өлкөлөрдөгү согуш кылмыштары үчүн, ошондой эле, Россияга каршы прокси согушун улантканы үчүн ага дароо импичмент жарыялоого чакырган.

Янг Байден кызматтан кетсе дүйнөдөгү бардык көйгөйлөр чечилет деген пикирин билдирген.

Америкалык саясатчы ошондой эле, 1945-жылдан бери америкалык бардык президенттер согуш кылмышкерлери болуп келгенин жана боло берерин айткан.

Мындан тышкары, Янг Ак үйдү Украинаны колдоп, курал-жарак менен камсыз кылып жатканы үчүн кескин сынга алды.

АКШнын 46-президенти Жо Байден 2021-жылдын январ айында бийликке келген. Ал демократтар партиясынын атынан катышкан.

Байден Украинада согуш башталгандан бери Киевге байма-бай курал жарак берип, каржылык жардам көрсөтүп келет. Байден Украинага акча каражатын бөлгөнү үчүн бир нече жолу америкалыктардын сынына калган.

Эске салсак, былтыр август айында Нью-Йорк шаардык кеңешинин мурдагы башчысы Эндрю Стейн дагы Байдендин президенттиктен кетиши керек деген пикирин айтып, анын жетекчилиги астында АКШ оор абалга кептелгенин билдирген.

Булак: Eurasia Today

Последние новости