www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын бийликтери Пхеньяндын жашоочулары үчүн КРВИнин учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу беш күндүк карантин киргизди. Бул тууралуу NK News порталы КЭДР өкмөтүнүн билдирүүсүнө таянуу менен билдирди. 

Портал билдиргендей, карантин 25-январдан жуманын аягына чейин күчүндө болот. Билдирүүдө сасык тумоонун жайылышы тууралуу айтылат, бирок коронавирус тууралуу сөз болгон эмес. Шаар тургундары үйлөрүндө калып, дене табын күнүнө бир нече жолу текшерип туруулары керек.

COVID-19 инфекциясынын биринчи учурлары 2022-жылдын апрель айынын аягында КЭДР бийликтери тарабынан жарыяланган. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын коронавирустун жайылышын республиканын тарыхындагы эң чоң шок деп атады. Эксперттер кырдаал гуманитардык катастрофага алып келет деп чочулашкан. Бирок, август айында Түндүк Кореяда маска режими жокко чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости