www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Атада жаңы Калкты тейлөө борбору курулуп жатат

Бүгүн, 25-январда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы жаңы Калкты тейлөө борборунун курулуш иштери менен таанышты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы курулуп жаткан КТБнын имараты замандын бардык талаптарына жооп берет, муну менен бирге Борбор бардык керектүү эмеректер менен заманбап техникалык жабдыктар менен жабдылат.

Министр Иманов курулуш иштер менен таанышып жатып мурда Чолпон-Ата шаарында КТБ жок болгондуктан жергиликтүү тургундарга мамлекеттик, санариптик кызмат алууда бир топ кыйынчылыктар жаралып келгенин белгиледи. Министрдин айтымына караганда, эми Чолпон-Атада жаңы, заманбап КТК иштей баштайт, ал борбор заманбап, керектүү жабдыктар менен жабдылат.

Белгиленгендей. учурда Калкты тейлөө борборунун курулуш иштери жигердүү жүрүп жатат жана ушул жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берилет. Жалпы аянты 278 квадрат метрди түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости