www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы абалга жоопкерчилик АКШ менен НАТОнун мойнуна жүктөлүшү керек. Мындай пикирин америкалык саясат таануучу Жон Миршаймер билдиргенин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, Вашингтон өзүнө коркунуч болуп жатканын Москвага сездирүү үчүн Украинага карата дал ушундай саясат жүргүзүүдө. Башкача айтканда, АКШ Украинаны НАТОго кошуп алып, орусиянын чек арасын дагы өз аймагына айландыргысы келип жатат.
"Вашингтон Украина кризисинин дипломатиялык жол менен чечилишине кызыкдар эмес. АКШ Украина жеңишке бара жаткандай түр көрсөтүп, көз боемочулук кылууда. Өлкө чындыгында кыйроо алдында турат", — деди саясат таануучу.
Миршаймердин айтымында, тарых АКШ менен анын союздаштарын азыркы алдамчы, кара мүртөз саясаты үчүн акыры жазалайт.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Булак: NazarNews.kg