www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үйүндө телевизору, кир жуучу машинасы барлар жөлөкпул ала албай жатышат. Бул тууралуу депутат Айбек Маткеримов бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Телевизору, муздаткычы бар болсо жөлөкпул берилбейт деген мыйзамдан алынып салынган. А эмнеге сиздердин кызматкерлер элдерге так маалымат жөнөтпөйт? Дагы деле ошону карманышып, мунуң бар экен, тигиниң бар экен, кайненең же кайнатаң пенсия алат экен деп, жөлөкпул беришпейт экен айрым жарандарга . Бул эми кандай? Мыйзам иштеши керек да", - деп кайрылды депутат Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаевге кайрылып.
Андай талаптар 2010-жылы алынып салынганын министр баса белгилеп кетти.
"Мурун үйүндө килем болсо, телевизор, муздаткыч, кир жуучу машина болсо бул үй бүлө жөлөкпулга муктаж эмес деп эсептелчү. Бирок, мунун бардыгы 2010-жылы алынып салынган. Ар бир райондо ал жөнүндө маалымат илинген. Андан сырткары биздин сайтта кимдер жөлөкпул ала алат деген маалымат бар. Бүгүнкү күндө сиз айткан талаптар иштебей калган. Учурда бир адамга жалпы кирешенин өлчөмү 1000 сомду түзөт. Мисалы, бир үй-бүлөдө беш киши болуп, алардын тапкан акчасы 5000 сомдон ашса, анда бул үй-бүлөгө жөлөкпул берилбейт. Ушунун баары сайтта маалымдалган. Кайсы айылда мыйзам иштебей жатканын айтсаңыз, мен жеке өзүм жеке көзөмөлгө алайын", - деди Базарбаев.
Бул бир эле айылда эмес, өлкөнүн бардык аймактарында бар экенин депутат Маткеримов айтып өттү.
"Кагазда жазылганын баарыбыз билебиз. Бирок, ошол иштебей жатпайбы. Ушул маселеге өзгөчө көңүл бөлүп койсоңуз. Мен өзүм көзөмөлгө алайын, ушундай факты катталса жазалайын десеңиз, эл дагы ыраазы болот", деди депутат.
Булак: NazarNews.kg