www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки Америка Ф – 22 Раптор аскердик учагы Аляска жакындарында эки орус Ту  - 95 бомбалоочу учагына тоскоол болду.

АКШнын коргоо министрлиги Пентагон тоскоолдуктун орус учактарынын Аляска аймагындагы Америка аба мейкиндигине жакындашы себеби менен жасалгандыгын билдирди.

Пентагон Тынч океан күчтөрү командирлигинин катчыларынан майор Гари Росс тоскоолдуктун дүйшөмбү күнү Алясканын Кодиак аралынын 160 километр алыстыкта болгондугун билдирди. Учактан учакка кандайдыр бир радио байланышы болбогондугун белгилеген Росс : «Түндүк Америка аба мейкиндигин жакындан иликтеген Түндүк Америка абадан коргонуу командирлиги аба мейкиндигибизди коргоо үчүн ар дайым даяр»,- деди.

Американын аскердик учактары 2016 -  жылы да Калифорния жакындарында Америка аба мейкиндигине абдан жакындаган орус аскердик учактарына тоскоол болгон болчу.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости