www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Азамжан Жалилов Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Ага ылайык:
Медициналык стандарттардын бузулушунан улам анализдерди туура эмес чыгарып бергени үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу
Диагнозу коюлган лабораториялык изилдөөлөрдүн ката жыйынтыгын жашырган жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу
Долбоордо эгер бул аракеттер жыл ичинде кайталанса, айып пул 50/200 миң сомго чейин көтөрүлүп, лицензия сот аркылуу жокко чыгарылары айтылган.