www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги социалдык тармактарда акыркы убакта тарап жаткан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө байланыштуу видеоматериалдарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет. Аталган видеоматериалдар ар кайсы мезгилдерде, 2025-жылы катталган айрым окуяларга тиешелүү болуп саналат. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында өз убагында тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2026-жылдын 13–14-мартына караган түнү Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын жарандык ташуучуларына таандык автобустардын айнектери белгисиз адамдар тарабынан зыянга учураган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан окуя болгон жерге чыгуу менен зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле Алматы шаарынын компетенттүү укук коргоо органдары менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлүп, аталган укук бузуу фактысына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында Казакстан Республикасынын компетенттүү органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө туруктуу негизде иш алып барууда.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарды жана социалдык тармактарды колдонгондорду такталбаган жана атуалдыгын жоготкон маалыматтарды жайылтуудан карманууга чакырат. Бул коомдук пикирди бурмалоого, ошондой эле кырдаалды чыңалтууга жана провокациялык аракеттердин келип чыгышына алып келиши мүмкүн.

Последние новости