www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өлкөдө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйында даярдык көрүүнүн азыркы абалы, негизги маселелер, аларды тез арада чечүүнүн чаралары талкууланды.
Жыйында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин; ДКОнун Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденовдун жана режиссердук топтун жетекчиси Алтынбек Максутовдун баяндамалары угулду.
Оюндардын үч негизги багытты: спорт, маданият жана илимди камтыган комплекстүү программасын ишке ашыруу талкууланды. Спорттук программа этноспорттун 43 түрүн камтыйт, анын ичинде салттуу күрөш, ат оюндары, интеллектуалдык мелдештер, салттуу аңчылык. Маданий компонентке этномузыка, этнобий жана элдик чыгармачылыктын эл аралык фестивалдары, ошондой эле аймактык каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү жана кыргыз ашканасын көрсөткөн этношаарча кирет. Илимий компонент көчмөндөр цивилизациясын, этноспортту жана туруктуу өнүгүүнүн салттуу моделдерин изилдөөгө арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияны камтыйт.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында МинКаб Төрагасы мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.