www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир кезде “болду, саясатка аралашпайм” деп түйүнчөгүн түйүп, көңүлгө кирип кеткен Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоо жакындаган сайын жанданып баштаганы сөз болууда. Айрыкча эки достун арасын “кара мышык” аралап, эки жээкте калышканы майдай жаккан көрүнөт: президенттик шайлоого ат салышып көрсөм деген дымагы ойгонуп, эркин дем ала баштагандай.
Ырасында, Бабанов канча ирет саясаттан кайттым деп, анан эле ыңгайлуу учурда «сорт» этип чыга калчу эле. Ошол көнгөн адатын карматып, эл суранып, барууга аргасыз болдум деп саясатка аттын башын бурса, таң калыштын кажети жок.
Андыктан, тымызын даярдык көрүп, команда түптөп, каражатын чуктап жатышы деле мүмкүн. Бирок маркум Болот Шер айткандай, каражаты, адамдык ресурсу болгон менен эркинин жоктугу аксатып койчу эле. Чегирткеден корккон эгин экпейт дегендей, Бабанов чечкиндүү кадам жасашы күмөн.