www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 9-апрель күнү Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 1976-ж.т. тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2025-жылдын май айында Талас облусунун 1968-ж.т. А. аттуу жараны алдап кеткендигин билдирген.
Аталган факты Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө, шектүү жалпы суммасы 9 000 000 (тогуз миллион) сомду түзгөн монументалдык чоң эстеликти жасатуу ниетин билдирип, алдын ала 3 600 000 (үч миллион алты жүз миң) сом которуп, буюртма берген. Андан соң белгилүү себептерден эстеликти белгиленген жерге орното албастыгын билип, ар кандай шылтоолорду айтып, калган 5 400 000 (беш миллион төрт жүз миң) сом акча каражатын төлөбөй дайынсыз болуп кеткендиги аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, Айтматов районунун 1968-ж.т. тургуну А.К шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Урматтуу жарандар шектүүдөн жабыркагандар болсо, Айтматов РИИБге кайрылсаңыздар болот.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.