www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2015-жылы Минскиде буюртма киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Алманбет Анапияевдин иши боюнча тергөө жанданышы шарт. Бул боюнча айрым профессионал кызматкерлер ойлонушканы менен чечкиндүү аракеттер көрүлбөй жатканы кандай?
Эске салсак, Алманбеттин өлүмүнө шектүү катары Гүлжигит Абилазизов аттуу ашпозчусу себепкер болгону, аны Москвадан ИИМдин кызматкерлери Таалай Мамбетакунов менен Жаныш Гаипкулов апкелишкени маалым. Алдын ала даярдалган өлтүрүү болду беле?
Себеби, Минск тарабынан Гүлжигитке издөө жарыяланган эмеспи? Анапияевди өлтүрүүгө катыштыгы бар адам катары сыпатталганын кайда жашырабыз? Ал жактан карматпай Москвага качырышып, ИИМдин бакыйган кызматкерлери Бишкекке коштоп келишет да, негизги шектүүнү бүгүнкү күнгө чейин жашырып жатышат, бул кандай?
Маркум Алманбет да кыргыздын намыскөй жигиттеринен болчу. Эмне үчүн ушул күнгө чейин кылмыш ишинин бети ачылбайт?
Артында генералдар турганы ыраспы? Жаңы бийлик алайлыктардын албан субандай уулу үчүн чындыкка жете алабы?
Булак: «Азия News» гезити