www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өткөргөн маалымат жыйында Райымбек Матраимов мамлекетке төгө турган акчаны толук төлөп бүткөнүн билдирди.

«Райымбек Матраимов мамлекетке 1 миллиард 400 миллион сомду бюджетке накталай акча түрүндө кайтарып берди. Мындан тышкары, анын бир соода борбору жана тогуз батир түрүндөгү 600 миллион сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин кирешесине өттү», - деди Ташиев.

Бул маалыматтын чыкканына бир күндүн жүзү боло элек коомчулукта чоң талкуу жаратты. Матраимовдун батирине көз арткандар чыгып, аны кимге бериш керектиги тууралуу эл өкүлдөрүнөн баштап, карапайым калкка чейин сунуштарын айтышты.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, аны кечээ жакында эле Дүйнө Кубогун жеңип алган спортчу Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуна бериш керек.

«Райымбек Матраимовдун каражатты мамлекетке төккөнү абдан жакшы болду. Ал эми 9 батирлерди УКМКнын кызматкерлерине беребиз деп жатыптыр. Бирок, аны Дүйнө Кубогун утуп алган Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго берсе туура болот деп ойлойм. Муну мен бир топ депутаттарга да сунуштадым», - дейт Бекешев.

Эске сала кетсек, коррупцияга күрөш Матраимовдон башталып, Камчы Көлбаевге келип токтогон эле. Ал эми Бабановго жана башкаларга келгенде бармак басты, көз кысты болгондой.

Алсак, Кыргызстанда 30 жылдан бери мамлекетти сазга батыргандардын аты-жөнү айтылбаганы алардын ич ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүнөн кабар береби?

Бул арада Матраимовдун батирлери тууган-уруктарына белекке берилгендиги айтылууда... Эмне себептен Бажы тармагында ызы-чуунун башында турган Атамбаев менен Кулматовдун аты дагы деле айтылбай келе жатканы кызык?

Натыйжада элди эки жүздүү, жеке кызыкчылыкты көздөгөндөр башкараары ачыкка чыгып келе жаткандай. Алардын элге гана күчү жетчүүдөй. Аянтта кыйкырса, даңазасы таш жарат тим эле «мыйзам алдында баары бирдей» деп. Бирок, иш жүзүндө ошону далилдей алдыбы? Буга убакыт тараза.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости