www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Баткендеги чек ара маселелери боюнча эл митингге чыгууда. Баткендеги чыныгы жагдайды өз көзүң менен көрүп келген активист катары кандай пикир айтасың?

- Бир ай мурун Баткен облусунун Көк-Таш айылына барып кайтканбыз. Ал жакта акыбал өтө оор. Биздин жерлер, тоолор алар тарапка өтүп кеткен. Алардын чек ара кызматкерлери улам бери жылып жатат. Бир тоо аларга өтүп кетти. Ал тууралуу маалымат ачыкка чыккан жок.

Биздин өкмөт жерине барып, тыкыр изилдөө жүргүзүүсү зарыл. Жерлер сатылып, арадан беш-он жылдап убакыт өткөндөн кййин гана чындык ачыкка чыгууда. Ал жакта көчүп жаткан кыргыздарга көбүрөөк акча сунуштап жатышат. Сатып алаары менен арык менен тосуп, Тажикстанды көздөй жолдорду салып жатышат. Ворухка кетип бара жаткан жолдо да көйгөй толо. Алар ошол жерлерди сатып алууга, акыры ээлегенге жанталашууда, таштар менен тосуп башташкан.

Биздин эл көтөрүлсө да, саясатчыларыбыз унчукпайт. Саясатчылардын арасында чек ара маселеси менен өз кызыкчылыктарын аралаш-тыргандар да жок эмес, «Мен чек ара маселесин чечип берем» деп кызмат сурап жүргөндөрү бар. Ал жерге президент өзү барышы керек. Керек болсо бир ай жатып, жашап, ийне-жибине чейин изилдеп, баарын ордуна коюп, жайгаштырып келгени учур талабы болуп турат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости