www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баары эмес, бирок депутаттарыбыздын көпчүлүгү элдин душманы катарындай эле. Бул тууралуу саясатчы Анарбек Катаганов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
"Мен айта турган тема бул - 7 чакырылыштын депутаттары, алардын эффективдүүлүгү. Алардын жакшы жана жаман жактары. Эмне кылганда, депутаттар элдик болуп калышат?
Бул парламенттин депутаттарынан жакшы нерсе күтүүнүн кажети жок экенин эл түшүнүш керек! Баары эмес, бирок депутаттарыбыздын көпчүлүгү элдин душманы катарындай эле.
Булар канткенде элдик закон чыгарышат, казино ачпастан, көчөлөрдүн атын алмаштырбастан, даарат кагаз жетишпегенин айтпастан, "задний проход" деп бийик трибунадан сүйлөбөстөн, шпагатка отурбастан, дегеле өлкөгө уят болбостон. Канткенде парламентке эң татыктуулар келе алат? - ошону айткым келип турат.
Парламентке азыр кантип келип жатканын айта кетсем. Бүт баары шайлоо мыйзамынан башталат. Шайлоо мыйзамы шайлоонун алдында өзгөртүлгөн. Натыйжада мыйзам олигарх жана популисттер үчүн бойдон кала берди.
Бул шайлоо мыйзамынын эң башкысы - бул парламентке ким келээрин, алардан биздин кантип жашаарыбыз билинет. Эмне үчүн шайлоо мыйзамы олигархтар үчүн ыңгайлуу? Эске салсак, баарыңыздар билесиздер, СМИ де кайсы партия шайлоого канча каражат кетиргенин айтып кетишет.
Бул каяктан түшкөн каражат? Муну партияларга Аяз ата бербейт. Орто эсеп менен ар бир кандидат шайлоого 40 млн. сом кетирет. Депутаттык креслону 40 млн. сомго сатып алган депутат эл үчүн иштеп береби, ошону түшүнүңүз. Жок.
Эгер калк ага ошол 40 млн.сомду кайра берсе, ошондо гана иштеп бериши мүмкүн. "Мына, сен 40 млн.сом шайлоого кетирдиң, биз сага кайра ошол акчаны кайтарып берип жатабыз, эл үчүн эми иштеп берчи" деп.
Эгер азыр депутаттан "эмне үчүн ал элдик эмессиң" деп сурасак, ал "мен бул жерди сатып алдым" дейт. Ошондуктан депутаттар закон чыгаруу менен алектенбей, көбүнчө президенттен, министрлик кабинеттен түшкөн мыйзамдарды гана талкуулашат.
Биз кнопка басуучу депутаттарга туш болдук. Булардын милдети кыйын деле эмес, болгону "макул" жана "каршы" деген гана кнопканы басуу. Эң кызыктуусу - алар кайсы кнопканы басууну алдын ала билишет.
Аларга кайсы кнопканы басыш керек экенин айтып да коюшат. Анан ушул кресло 40 млн. сом турат. Эми албетте, алар мынчалык акылы жок эмес. Кайсы келесоо айтылган кнопканы басуу үчүн 40 млн.сом төлөйт?
Бул 40 млн. сомдук "депутаттык мандат" деген пакетке: кожанный кресло, эки кнопка, бизнесин коргоо, өзүнүн гана эмес, башкалардын да кызыкчылыгын коргоо мүмкүнчүлүгү, "Кыргызстандын мыйзамы ченемдүү бутагы" деген элитный клубда турушу кирет.
Бул элитный клубда бир министрге тууган болуп калуу да ыктымал. Көп миллиондук тендерлер, проекттер түшөт. Мындайча айтканда, ал өзүнчө эле "элитный жабык бизнес форум". Ушул проекттерде активдүү иштеп баштасаң, байып баштайсың да, баягы шайлоого кетирген 40 млн. сомуңду кайра кайтарып аласың.
Жылдан жылга мындай көрүнүшкө көнүп калып, эмне үчүн депутат болуп келгениңди унутуп каласың. Анан: "Ай, элди ойлош керек" десе, алар тим эле кооз сөздөрдү айтып башташат: "Ооба, албетте биз элди ойлойбуз. Биз өз элибизди жакшы көрөбүз. Биз өлкөбүздүн патриотубуз" деп.
Булар спортсмендер менен сүрөткө түшкөндү жакшы көрүшөт, тимеле завод ачылып жаткансып. Эң кызыктуусу - 40 млн.сомдук депутаттын 5 жылдык маянасы 3 эле млн. сом. Сиз 5 жылдык маяна 3 млн.сомго тете кызмат орунду 40 млн. сомго сатып алууга даярсызбы?
Эгер келесоо болсоңуз, ооба, сатып аласыз, бирок, депутаттык кресло болсо, бул абдан ыңгайлуу жумшалган каражат. Дагы кызык фактылар бар. Депутаттар чет өлкөгө гана лечение алышып, балдары ошол жактан билим алышат.
Азыркы олигархтар үчүн ыңгайлуу шайлоо мыйзамы менен депутаттар чет элдик агент болуп башташты. Депутат - бул чет элдик агент. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, алар балдарын чет өлкөгө окууга жиберишет, ооруп калышса да чет өлкөгө барып даарыланышат.
Алардын балдары, аялдары автоматтык түрдө таланттуу болуп калышат. Алар чет өлкөгө барып, счетторду ачышат. Депутат болоору менен, анын балдары менен аялы географияны, оффшордук счетторду ачууну банкирден кем эмес баарын билип калышат.
Кыргызстандан башка өлкөлөргө абдан көп акча кетип жатат, депутаттардын үй-бүлөлөрү эс алып жана окуп жаткан башка өлкөлөрдү байытып жатышат. Эгер ошол депутатты ачык сөзгө чакырып: "Токтот бул популисттик сөздөрүңдү, эл үчүн деген, чынын эле сүйлө" десек, ал: "Братан, макул, мага 40 млн.сомду, үстүнөн "парламент" деген элитный клубдан ошончо сумма алмакмын, ошону столдун үстүнө коюп кой, анан мыйзам чыгарып, элдин проблемаларын чечип баштаймын" дейт.
Албетте, мен ишенбейм мындайга. Ал ушул учурда да иштеп бербейт. Анткени, ал башынан эле элдин проблемаларын чечүүгө келген эмес. Негизи, эл кыжырланганда депутаттар таң калышат. Элди түшүнсө да болот.
Алар "эмне деген депутаттар, эмне эле болуп баратат, булар эмне көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү, каяктагы кереги жок шаарларды куруу менен алек, эмне үчүн мектеп, бала-бакчаларды салышпайт, элдин чыныгы проблемаларын чечпестен" деп кыжырланышат.
Анан ошондо депутаттар ойлойт болуш керек: "Апееей, силер өзүңөр биздин акчаны албадынар беле?" деп. Силер 5 жылга көздү жумуп койгонго даяр элеңер. Ушул 1000 сом, 2000 сомду албадыңар беле.
Силер ошол акчаны чын жүрөктөн коротподуңар беле. Жаштары өздөрүнө наушник сатып алып, улуулары азык-түлүк, балдарына балмуздак сатып алып. Депутаттар анан түшүнбөйт да, эмне эле эл кыжырланганын, акча алышпады беле деп. Эмне 5 жыл унчукпайсыңар, эмне мынча эл куу болот, акчаны алып алышып, анан кыжырланышат деп. Биз баарыбыз: "Болду. Бул парламент кетсин.
Биз башка депутаттарды тандайбыз" десек болот. Анан эл кайра эле ушул эле системага добуш беришет. Андан көрө буларды дагы 20 жылга калтыралы, эч нерсе өзгөрбөй жатса. Анткени, ар бир чакырылыш барган сайын жамандап эле баратат.
Мен критикалап гана отуруп калган жокмун. Мен бул системаны өзгөртүш керек деп жатам. Муну кантип өзгөртсө болот, оңдосо болот? Канткенде чыныгы элдик депутаттар келип баштайт? Бул суроону мен мурдатан бери эле изилдеп келе жатам.
Көптөгөн политикалык лидерлер менен бул темага сүйлөшүп, алар менен бул кырдаалды өзгөртүү үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды талкууладым. Депутаттардын эки түрү бар. Политиктер бул сунуштар чын эле өзгөртүүлөргө алып келгенин мойнуна алышты.
Эгер ушул өзгөртүүлөрдү киргизсек, депутаттар элдик болуп башташат. Жок дегенде, 8 чакырылыштан тартып. Бул өзгөртүүлөр азыркы кырдаалды да оңдоп койсо болот. Бул абдан чоң мааниге ээ. Сүйлөбөгөн балык депутаттар кетет.
Конкреттүү түрдө, депутаттын статусу боюнча мыйзамга жана кыргыз республикасынын официалдуу статистика мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Бул кандай өзгөртүүлөр? Эгер депутат бир айдын ичинде мыйзам демилгесин көтөрбөсө, депутаттык мандатынан айрылат. Албетте, санын көбөйтүш үчүн ар кайсы керек эмес мыйзамдарды ойлоп табышы мүмкүн.
Ошондуктан бул жерде бизге кыргыз республикасынын официалдуу статистика мыйзамы жардам берет. Статком бул мыйзамдардын кесепеттерин текшерип, бул мыйзамдын мамлекетке жана элге пайдасы бар экендиги боюнча отчет жана статистика келтирип дегендей.
Бул чынында эле өлкөдөгү кырдаалды өзгөртөт. Анан президент да өзүнүн бийлигин бекемдеп баштайт, экономикабыз көтөрүлөт.
Азыр болсо эмне болуп жатат? Баалар көтөрүлүп, тышкы карызыбыз өсүп жатат. Камбар-Ата ГЭСи, атомдук электростанциялар, заводдор, фабрикалар курулуп баштайт, импорт жана бюджет жогорулайт. Ошондо паракорчулук менен болгон күрөш чынында башталмак. Рахмат", - деди Катаганов.
Булак: NazarNews.kg