www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Каспий саммитинен кийин Украинадагы кырдаал, НАТОнун кеңейиши жана Батыш лидерлеринин G7 жыйынындагы билдирүүлөрү боюнча оюн айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Каспий саммитинин жыйынтыгы жөнүндө
Путин Каспий саммитине катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери убактысынын 90 пайызын аймактагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөргө арнашканын айтты.
"Биз артыкчылыктуу багыттарды тандап, өз ара компетенцияларды бөлүштүрөбүз деп макулдаштык. Негизги багыттар болгон өнөр жай жана жогорку технологиялар жаатында кызматташабыз", — деди президент.
НАТОнун кеңейиши жөнүндө
Президент Орусиянын Швеция жана Финляндия менен "Украинадагыдай көйгөйү" жок экенине токтолду.
"Швеция жана Финляндия менен эч кандай көйгөй жок, тилекке каршы, Украина менен чечилбеген маселебиз бар. Финляндиянын же Швециянын НАТОго мүчө болушу бизди тынчсыздандырбайт. Бирок мен эскертип коюшум керек. Алар НАТОго киргенде чек арасында аскер контингентин жана инфраструктурасын бекемдешет. Биз дагы дал өзүндөй жооп беребиз", — деди Путин.
Ошондой эле, ал "Орусия Түндүк атлантикалык альянстын аскерлерин өз чек арасынан алыстатам деп, тескерисинче, Стокгольм жана Хельсинки тараптан жакындатып алганын сезбей калды" деген комментарийлер чындыкка туура келбесин кошумчалады.
"Биз үчүн Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүгү менен Украинанын уюмга киришинин айырмасы асман менен жердей. Батыш муну абдан жакшы түшүнөт", — деди Путин.
Батыштын Орусияга каршы аракеттери жөнүндө
Мамлекет башчысы Батыштын көп жылдан бери РФке каршы активдүү аракеттерге даярданып жатканы Москва үчүн көнүмүш болуп калганын айтты.
"2014-жылдан бери бизге каршы даярданып жатканы биз үчүн жаңылык эмес. Жеке кызыкчылыктарыбызды коргоо боюнча чечкиндүү кадамдарга барганыбыздын негизги себеби ушул", — деди президент.
Булак: NazarNews.kg