www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Ангела Меркелге коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын биринчи компоненти менен эмдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

--"Мен бүгүн биринчи AstraZeneca вакцинасын алганыма кубанычтамын. Мен эмдөө кампаниясына катышкан бардык адамдарга жана эмделгендердин баарына ыраазычылыгымды билдирем. Эмдөө - пандемиядан чыгуунун ачкычы", - деп билдирген Ангела Меркель.

Маалыматка ылайык, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер дагы AstraZeneca вакцинасы менен эмделгени белгилүү болду.

Март айында Европанын бир катар өлкөлөрү эмдөөдөн кийин тромбоз жана анафилактикалык шок көбөйүп кеткендиктен AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартышкан. 

Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму AstraZeneca вакцинасы менен тромбоздун пайда болушунун эч кандай байланышы жок экендигин билдирген.

31-марттан тарта коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы Германияда 60 жаштан өткөн адамдарга гана колдонула баштаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости