www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын 22-июлунда Бишкекте метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы эң ысык күн болду. Буга “Аба ырайы жана климат” сайтынын маалыматы далил.
Маалым болгондой, кечээ, 22-июлда Кыргызстандын борборунда абанын максималдуу температурасы 41 градусту түздү. Бул нормадан 6,3 градуска жогору.
Эң суук 22-июль 1960-жылы болгон, анда аба +11,2 градуска чейин гана жылыган.
Июль айынын эң ысык күнү 2015-жылдын 16-күнү болуп, термометрдин көрсөткүчү +42,1 градуска чейин көтөрүлгөн. Июль айынын орточо айлык температурасынын нормасы +25,5 градусту түзөт.
Кыргызстанда 29-июнда жана 21-июлда да метеорологиялык байкоолордун рекорду да жаңыланган.
Булак: NazarNews.kg