www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Фарс провинциясында болгон селдин кесепетинен 11 адам каза болуп, дагы 13ү дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда IRNA маалымат агенттиги жазды.
Алгач алты адам каза болуп, бир нечеси жарадар болгон.
Окуядан жабыркагандар тууралуу акыркы маалыматты жергиликтүү Кризистик башкаруунун башкы директору Халил Абдуллахи билдирди. Ал ошондой эле кырсык нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгонун түшүндүрдү.
«Суу ташкынынан кийин дароо куткаруу топтору кырсык болгон жерге барып, жабыркагандарга жардам көрсөтүштү», - деп кошумчалады Абдуллахи.
Облустук бийликтердин маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жалпы саны 55 адамды түзөт, бирок бул акыркы көрсөткүч эмес деген кооптонуулар бар. Ошондой эле 15 унаа суу алдында калып, анын 12син алып чыгууга жетишкени айтылат.
Булак: NazarNews.kg