www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антарктикадагы мөңгүдөн Лондон шаарынын көлөмүндөй болгон муздун кесилиши үзүлүп кетти. Бул тууралуу "Sciencealert" сайты жазып чыкты.

Маалыматта белгиленгендей, мындай өлчөмдөгү муздун бир кесиминин чыгышы бир жыл мурун болгон. Ошондой эле бул процесс климаттын өзгөрүү феноменине тиешеси жок жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келбей турганы айтылды. Айсбергдин жалпы аянты 1550 чарчы километрди түзөт, ал эми калыңдыгы 150 метрди түзөт.

"Биз бул "төлдөө" окуясы болот деп күткөнбүз. Антарктиданын Брунт аймагында мындай учурларды табигый жүрүм-турум деп атоого болот. Биздин илимий топтор ажырап калган айсбергдин коопсуздугун камсыз кылууну жана ага мониторинг жүргүзүүнү улантууда", - дейт изилдөөчү Доминик Ходжсон.

Ошондой эле окумуштуулар Антарктика станциясында ноябрдан мартка чейин созулган жайкы сезондо гана иштешет. Бирок, кыш мезгилинде да станциянын айланасындагы жогорку тактыктагы GPS аппараттарынын тармагы тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости