www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Ырчы Анжелика Кайратова устаты Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген Иманалиев каза болгондон кийин өзүнүн социалдык баракчасына:

--«Аллах таалам билип, билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин. Жайың Жаннаттан берсин Жаназасына бара албайм. Ошон үчүн Аргендин карыздарын кечирдим», — деп жазган.

Бул көрүнүш социалдык тармакта талкууга алынып, ырчыны жемеге алышты.

Белгилүү ди-джей Эльмара Турсуналиева:

--Эгер, чын эле (!!!) Арген ушундан акча алган болсо (кезектеги калпы эмес), ошончолук жалпы кыргызга жарыялаган соң, биз (чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештер) мындай чечимге келдик.

Асель Осмонова,Турдалиева Асель эже, Турусбек Жумалиев, Сагынбубу Ниязалиева, Толкун Орозобаева Толкун, Нурдөөлөт Копоев, Динара Акулова, Жыргалбек Шакиров жана көпчүлүк сахналаштар 1 сомдон чогултуп догун арткан кызга акчасын берели. "Карызынан кечиртип" убара кылбай, колуна карматып койобуз. Кезектеги ХАЙПТЫ, эненин зар какшагынан, жаш адамдын сөөгү муздай электе жаратты, деген билдирүү таратты.

Анжеликанын жазган пикирине журналист Баяна Кулова:

--Дүйнөдөгү баардык жаман сөздөрдү терип сага жазса болот Анжелика! Бирок жоолуктун ичиндеги көңдөй башың муну түшүнөбү жокпу? ... Өлгөн кишинин артынан ЖАКШЫ гана сүйлөш керек! Бечара Арген сен жөнүндө энесинин башынан ылдый ашаткы куюп жатканыңда дагы унчуккан эмес! Тарбиясы мыкты жигит болчу, ЭНЕСИНИН тарбиясы! Сенин энеңден алган тарбияң ушулбу?

Менин деле Айчүрөк эже менен мамилем укмуш эмес. Бирок кан жутуп олтурган энеге асылган сендей көңдөй челек пост жазууга аргасыз кылат да! Аллах деп сүйлөгөн менен Аллахга чындап өкүм кыла албасаң жоолукту айланганы салындыңбы?Сен барсаң Арген тирилип кетмек беле? Канча карыз эле айт, маркум сенин пиарыңа курал болбой тынч жатсын. Мен берейин!, - деген пикирин калтырды.

Эске сала кетсек, белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеванын уулу Арген 35 жашында жарык дүйнө менен коштошту. 

Айчүрөк Иманалиева жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости