www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү бүгүн, 11-январда ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, алардын тынч акцияга чыккан тарапташтарын кармап кеткен милиция кызматкерлери мыйзам бузду деген пикирин билдирди. Кайрылуу комитеттин мүчөсү, камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун "Фейсбуктагы" баракчасына жарыяланды.

"Урматтуу Улан Мырза, Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир кыргыз жаранына тынч митингке чыгуу кепилдигин берет. Ушул укуктан пайдаланып биздин тарапташтар, жакындарыбыз мыйзамдуулукту талап кылып ИИМдин имаратына барышты. Сиздин кызматкерлериңиз, көз каранды, бийликтин буйругун аткаруу менен чыгарган Биринчи май райондук сотунун, Конституцияга каршы келген чечимин жетекчилике алып, биздин тарапташтарыбызды кечээ кармашты. Биз сиздин эсиңизге салабыз, Конституциянын нормалары соттун, өзгөчө көз каранды сотун чечиминен жогору турат. Сиз жана сиздин кызматкерлер мыйзамды бузуп атасыңар.

2017-жылы, бийликти басып алууга күнөөлөнүп камалган С. Жапаровтун тарапташтары милицияга жана Ак үйдүн кызматчыларына кол көтөрсө дагы, ал убактагы бийлик камака алган эмес. Биздин тарапташтар, С. Жапаровтун тарапташтарынан айырмаланып тынч жана маданияттуу митингке чыгышты. Мыйзамды бузушкан жок. Аялдарды, карыган апаларды, жаш кыздарды камоо, кармоо, эч кандай мыйзамсыз, жигитчиликке, жогорку мамлекеттик кызматчынын этикасына дагы жатпайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости