www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү окумуштуу, академик Апас Бакиров Багыт.kg гезитине берген маегинде жалпы адамзат эми демократияга эмес, ноократияга басым жасашы зарыл экенин билдирди.
- Негизи эреже боюнча кайсы жерден кандай кен чыкса, аны казаардан мурун ал жердин түзүлүшүн, тарыхын, өнүгүшүн толук изилдеп чыгуу керек да?
- Ооба, негизги талапка ылайык ошондой болушу керек эле. Башында бул багытта ошондой эреже абдан катуу кармалбаса да, жакшы көзөмөлдөнүп, анан кийин казуу иштери жүрчү. Тилекке каршы, кийин андай болбой калды. Башка элдерге салыштырмалуу Кыргызстанда кен абдан көп, Менделеевдин таблицасындагы кендин дээрлик баары бар деген түшүнүк бар. Ошон үчүн биздин кенге кызыккандар абдан көп. Кийинки мезгилде кен чалгындоо иштери анча деле ийгңликтүү болгон жок. Көбүнчө союз учурунда табылып, азыраак иштетилип калгандарды эле казып, сатканын сатып жатышат. Бул жагынан мамлекетте катуу көзөмөл жок болуп калды. Эгер башынан абдан дыкаттык менен, катуу тартип менен иштетилсе Кыргызстандын экономикасын көтөрмөк. Мына, Кумтөрдү көрүп жатабыз. Ал жердеги кен кыргыз элинин пайдасына казылып жаткан жок. Тескери иштер көп. Жеке эле Кумтөр эмес, көптөгөн кендерди казуу, сатуу иши экономикага пайда алып келбей жатпайбы. Бул тармак бир топ коррупциялашып кетти да. Кээ бир атка минерлерде 5-6дан лицензия бар экен. Бул эмне деген мыйзамсыздык? Өздөрүнө ылайыктап алышьгп, чалмакейди чадып жатышпайбы. Башында биз геологдор кен маселесине, алардын туура казылышына бир аз аралашып, катышып жүр-чү элек. Кийинчерээк кесипкөй геологдордун көбүн четке сүрүп, билими тайкы, тааныштын күчү менен чала-була геолог болуп алгандар бул тармакты калчап калышпадыбы. Азыр геология боюнча мекемеге көрүнгөн тармак, багыттарды кошуп салды. Геологиядан эч бир түшүнүгү жок адамдар, мисалы, касапчы, милиционер сыяктуулар каалагандай калчады да. Чынында негизги иш, өнүктүрүү маселеси экинчи орунга калып калып жатпайбы.
- Сиздердей тажрыйбасы чоң окумуштуулардан деле анда-санда кеңеш алып жаткан жери жок да...
- Кеңеш деле алышпайт. Бул биринчиден дейличи. Экинчиден окумуштуу, чыныгы кесип-көй адамдардан жетекчилер кеңеш ала турган болсо ошол эле геология багыты боюнча ынанамдуу кеп айтып, суроо салышы керек да. Анан ага да жарашпаса кайдагы кеңеш?
- Канча шакирт окумуш-тууларды тарбияладыңыз?
- Мен анча көп тарбия-лаганым жок. Кээ бирлер топ-тобу менен алып, устат болуп, кандидат, доктор кылып эле чыгарып жатышат. Алар көп учурда сапатына эмес, санына басым жасап жатышканы байкалат. Бул жагы эми жакшы эмес да. Мен илимдин 7-8 кандидатын, 1 докторун тарбиялап чыгардым. Азыр дагы бир жигит докторлук боюнча менден таалим алып жатат. Негизи мен бул жагына анча ашыкпадым. Убактымдын көбү иликтөөгө кетти десем болот. Устат болгонго жараша, мыкты тарбиялап, күчтүү адис кылуу зарыл. Болбосо айтылып калсын деп чала-була ашыгып устаттык кылуунун канчалык кажети бар?
- Сиздин жолду жолдогон балдарыңыз барбы?
- Балдарымдын баары эле башка багыттар менен кетиш-ти. Башында ущул мен тандаган тармакка кызыккандары да бол-ду. Бир балам азыр гелогия эмес, башка бир багыт боюнча илим-дин кандидаты болуп жүрет.
- Илимий багытта жалпысынан канча китеп жаздыңыз?
- Жалпысынан Юдон ашты. Акыркы мезгилдерде фило-софиялык багытты көбүрөөк иликтеп калдым. 10 *жылдан бери иликтеп, "Ноократия" деп аталган китебимди чыгардым. Ага чейин "Ноосфералогия" деген китеп жазгам. Көпчулүк билет, академик Владимир Вер-надский ушул Ноосфераны не-гиздеген үчүн "20-кылымдын чыгаан окумуштуусу" - деген наам алган.
"АКЫЛ-ЭСТИН БИЙЛИГИНЕ БАСЫМ ЖАСАШЫБЫЗ КЕРЕК!"
- Сиз 10 жылдан бери Ноократия деп аталган илимий философиялык китеп жазыпсыз. Буйруса, эмки жума 12-февралда ал китептин ачылышы болот экен. Эми окурмандарга "Ноократия " - дегенди кыскача тушүндүрүп берсеңиз?
Алгач мен бул сөздү мен Новосибирск шаарында жүргөндө, тактап айтканда 1960-жылдары угуп, кызыгуу" жаралып, ошондон бери өз алдьшча изилдеп баштагам. Өткөн кылымда бул сөз анча көп колдонулган жок, Азыр болсо абдан арбын колдо-нулуп жатат, Ноократияны бир сөз менен түшүндүрүп айтканда акыл-эстин бийлиги десек болот. Чер-чиллдин: "Демократия башкаруунун жакшы эмес формасы. Бирок адамзат андан жакшы форманы, ойлоп таба элек"- деген мааниде айткан таасын сөзү бар. Андан бери заман алмашты, адамзат да өнүгүп жатат. Азыр эми демократиядан жогору турган -Ноократия пайда болду. Бул боюнча да айта турчу сөз арбын. Кыскартып айтканда азыр дүйнө коомчулугу дал ушул Ноократияга акырындык менен басым жасап баштаса, өнүгүүнүн жаңы этаптары башталат. Ноократияга басым жасап жаткандар да бар. Маселен, Россия, Украинада Ноократиялык партиялар пайда болду. Мына ушул маселелер боюнча менин жаңы китебимде кеңири ой-толгоолор айтылган.
Булак: Багытkg