www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандык студент Алмаз Сеидов Iphone смартфонундагы системалык катаны таап чыккандыгы үчүн Apple компаниясынан 3,5 миң доллар өлчөмүндө сыйлык алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

 Алмаз Сеидов

Маалыматка ылайык, Түркиянын Кастамону университетинде окуп жаткан 22 жаштагы Сеидов Apple Store тиркемесинен оюн көчүрүп жатып, андагы системалык мүчүлүштүктү таап чыккан. Бул үчүн Applе компаниясы ага ыраазычылык кат жана 25 миң лира (3,5 миң доллар) сыйлык жөнөткөн.

Буга чейин да досунун Iphone үлгүсүндөгү смартфонунан системалык ката таап, 250 лира сыйлык алган Сеидов алдыда башка операциялык системалардын каталарын издөөгө белсенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости