www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматы баласын алдына отургузуп, унаа башкарып бара жаткан аялды издеп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Түштүк магистраль көчөсүндө баласын алдына отургузуп, унаа башкарып бара жаткан аялды окуяны күбөлөр видеого тартып алган.

Кайгуул кызматынын кызматкерлерине аталган унаанын айдоочусун таап, кармоо тапшырмасы берилген. Ага Бузуулар тууралуу кодексине ылайык чара көрүлөт.

Carcheck порталындагы маалыматка ылайык, аталган унаанын 17 жол эреже бузуу боюнча төлөнө элек 23,5 миң сом айыппулу бар.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости