www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 17-майында, Кыргызстанда Энелер күнү белгиленген. Анда коронавирус менен күрөшүүгө ар тараптан салым кошуп жаткан кызматтагы адамдар апасы менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.
 

Ак халатчандардын башында турган саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов апасы Салима Дарбанова менен. Ал үч жыл мурда 90го чыгып каза болгон.

Дезинфекциялоо иштеринде куткаруучулардын салымы чоң экендиги белгилүү. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров апасы Салия Турдуматова менен. Ал 69 жашта, үч уул, эки кызды тарбиялаган. Көп жыл китепканачы болуп иштеген.

Кыйын учурда элге социалдык жактан жардам көрсөтүп жаткан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров апасы Багыниса Абдиламитова менен. Учурда 68 жаштын чайын ичип олтурат. Төрт эркек, эки кызды тарбиялап, 24 небересин, бир чөбөрөсүн эркелетип отурган чагы.

Карантин убагында муктаждарга кол сунуу үчүн Жардам штабы ачылганы маалым. Ал жакка ыктыярчыларды тартууга салым кошкондордун бири  Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов. Апасы Гүлжан Үтүрова 54 жашта, бир уул, эки кызды тарбиялаган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдында түзүлгөн штаб учурда мекендештерге ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Сүрөттө элчи Аликбек Жекшенкулов энеси Сайнап Жаниязова менен. Апасы 2002-жылы 63 жашында оорудан каза болгон.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча мурдагы комендант Жеңиш Жоробеков апасы Буниса Жоробекова менен. Учурда 83 жаштын сыйын көрүп отурат. Буниса апа төрт уул, үч кыздын энеси.

Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча мурдагы комендант Малик Нурдиновдун апасы Айым Нурдинова 2018-жылы 68 жашында каза тапкан. Ал 45 жыл медицина тармагында кызмат кылган. Төрт уул, бир кызды тарбиялаган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости