www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соль-Илецктен келгендердин арасынан 41 жаран Баткен облусунун тургундары. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Осмонова маалымат жыйында айтты.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 5 кишиден коронавирус аныкталып, жарандар учурда Бишкек шаарында дарыланып жатышат.

"5 жараныбыз учурда Бишкек шаарында изоляцияга алынып, дарыланып жатышат. Калган 36 жараныбыздын тапшырган анализдери таза чыкканына байланыштуу облуска жөнөтүлгөн. Баткенде 7 адам вирусту алып жүргөн адам менен байланышта болгондуктан, аларды Лейлек районунда обсервацияга алганбыз. Ал эми калган 25 жаран катуу көзөмөлдө үй карантинине алынды жана 4 жаран жолдо келе жатат", - деди Осмонова.

Булак: NazarNews.org

Последние новости