www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин 21-майдагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиев боюнча маселе көтөрүп чыкты.

«Арпачиевге карата «Коррупция» беренесин «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деп өзгөртүп, мунапыс берип койдуңар», - деди Алтыбаева. Ага жыйында былтыркы аткарган иштер тууралуу отчёт берип жаткан башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кылычбек Арпачиевге карата козголгон кылмыш иштеринин беренелери өзгөргөнүн билдирди:

«Ал буга чейинки мунапыс. Ал жерде беренелер квалификация болуп атат. Сот башка беренеге өтүп, ошону менен чечим чыгарып,  анан колдонуп жатат.

Депутат башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго: «Коррупция, педофилия боюнча кылмыштар мунапыска илинбеши керек деген беренелерди киргизсек болобу?» деп суроо узатты. Башкы прокурордун жообуна караганда, мыйзамга ылайык мунапыс кызматтык кылмыштардын бирине да, анын ичинде коррупциялык иштерге колдонулбайт.

Эске салсак, 2015-жылы жазында жеке ишкер андан прокурор Кылычбек Арпачиев кылмыш ишин жабуу үчүн 200 миң доллар пара талап кылганын айтып, арыз менен Башкы прокуратурага кайрылган. Анын негизинде Арпачиев өз кабинетинен 100 миң доллар пара менен кармалган.

2016-жылы Биринчи Май райондук соту Арпачиевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыраткан. Сот муну менен катар «анын мүлкү мамлекетке чегерилсин, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөсүн, иш бөлмөсүнөн табылган 30 миң доллар мамлекетке өткөрүлсүн» деген чечим чыгарган.

2019-жылы сентябрда камактагы Арпачиевдин иши жаңы кодекстерге ылайык кайра каралгандыктан, мөөнөтү кыскарган. Ал жазасынын үчтөн бир бөлүгүн өтөгөнүнө байланыштуу сот аны жатак абакка которгон.

Булак: NazarNews.org

Последние новости