www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев 2-июнь күнү кармалды. Ага ылайык УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы чет элдик инвесторлордун объектилерин күч колдонуп басып алган айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кишилерди жоопко тартуу аракеттерин улантып жатат. Сотко чейинки тергөө иштери учурунда Арабаевдин жогорудагы кылмыштарга тийиштиги бар экени аныкталып, «коррупция» беренеси жана «жоруктар» менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. М.Арабаев 2-июндан бери УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Биз бул адамдын мурунку ээлеген кызматында кандай иш алып баргаңы тууралуу жана ал адам ошо учурда кимдердин «командасын» кынтыксыз аткарып турганы боюнча кыргызга белгилүү адамдардын оюн угуп көрдүк.
Кубанычбек Кадыров, коомдук ишмер:
– Манас Арабаев Атамбаевдин тушунда президенттин аппаратынын сот боюнча бөлүм башчысы болуп иштеди. Ал кезде сот органдарын көзөмөлдөп турчу. Албетте, башкы прокурордун, УКМКнын, ИИМдин, финполдун, Жогор-ку соттун чечимдерин Атамбаев чыгарчу. Анткени Атамбаев абдан куу саясатчы болгондуктан, иштин баарын алгач Индира Жолдубаева, кийин Манас Арабаев аркылуу бүткөрчү. Бул боюнча маалыматты парламенттин жогорку трибунасынан депутаттар айтып чыгышкан. Ал убакта саясый куугунтуктардын, чет элдик инвесторлордун бизнестерин тартып алуу боюнча чечимдердин баарын Манас Арабаев көзөмөлдөп, сотторго көрсөтмө берип турган. Икрам Илмиянов башында турган кытайлык инвесторлордун 76 миллион долларлык мүлктөрүн тартылып алынганбы? Ички иштер министринин мурунку орун басары катары мага ар кандай Маалыматтар келип турган. Анын бири Кулатов-Элебаев көчөлөрүндөгү үйлөрдөн Болот Сүйүмбаев, Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевдер квадратуралары абдан чоң квартиралардан алганы айтылган. Президент Сооронбай Жээнбеков элдин алдында «мен коррупция менен күрөшөм. Мыйзам бузуулар болсо катуу жазалайм» деп убада бербеди беле? Бүгүнкү күндө жер-жерлерде болуп келем, элдин баары президенттин коррупция менен күрөшүп аткан кадамдарын баалап, жакшы баа берип атышат. Эгемен алгандан бери мындай коррупциялык иштер ачылган эмес. Жаңылбасам ондон ашык сотторго кылмыш иши козголду. Ошондуктан Арабаев акылдуулук кылып, азыртан «мына, мага Атамбаев мындай көрсөтмөлөрдү берген, соттордун тигиндей же мындай чечим чыгаруусун жана саясый куугунтукка кабылган саясатчыларга карата кысымды мени кыйнап кылдырган» деп Атамбаевге каршы көрсөтмө берсе, абийири тазараак болуп, өзүн сактап калмак.
Канат Хасанов, жактоочу:
– Манас Арабаев чын-чынына келгенде мурунку сот. Үч жыл Ысык-Көл облустук сотто иштеген. Кийин Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп кеткенде, аны өзүнүн мурунку ордуна – президент аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчылык кызматына апкелген. Жолдубаева башкы прокуратурага кеткиче сотторду көзөмөлдөчү. Баш ийбеген сотторду соттор кеңешине салып, ит акмагын чыгарарын жабыркагандар айтышкан. Ал эми Манас Арабаев кызматка келери менен Индирадан ашып түшкөнү айтылат. Ал соттор кеңешин, сотторду тандоо кеңешин колго алган. Сот болуш үчүн чоң акча талап кылганбы? Ар бир экинчи соттук иш ошол кишинин колунан өтүп турган. Анысы аз келгенсип, чуулгандуу соттук иштер, анын ичинде саясатчылар, миллиондогон акча айланган көмүскө экономикалык талаш-тартыштарды Манас өзү «тейлеген». Жеке өзүм сотторго кайрылып, адилеттүү чечим чыгаруусун талап кылганымда, алар Арабаевге шылтаган учурлар көп болгон. Албетте, Манас ачыктан-ачык көрсөтмө берген эмес. Кайсы бир адамдын «колу», «тили» менен же Алмаз Мааткасымов аркылуу көрсөтмө кылчу. Учурда Манас Арабаевде бир гана жол турат, ал болгонун болгондой айтып бериш керек. Арабаевдин «ишмердүүлүгү» аркасында Талгарбеков, Султанов, Текебаев, Чотонов, Жапаров, Кунакуновдор түрмөгө отурушту. Аларды түрмөгө отургузууга Манас Арабаев чечим чыгартканын элдин баары билет. Жогоруда айткандарымдын баары жеке өзүмдүн божомолум.
Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер:
– Биз камалган учурда Манас Арабаев көзөмөлдөп турганы айтылган. Бирок, ал жалгыз эмес да. Ага ошондой укукту ким берген? Андай укук берилбесе жалгыз өзүнүн колунан эч нерсе келмек эмес. Укукту болсо Атамбаев берген, «көзөмөлдөйсүң, баарын чечесиң» деп. Ошондуктан ал баарын башкарып турган. Абдил Сегизбаевди, Айнаш Токбаеваны, Индира Жолдубаеваны, биздин пикирибиз боюнча ар бирибизге канча жыл бериш керек экенин ушул жигиттин кабинетинде чечилген жана Атамбаев менен макулдашылып турган. Кыргызда жакшы бир сөз бар: «Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң кайра чыгаарга» дейт. Ансыңарындай, бул таба эмес тоба. Кудай өзү чекесинен жазалай баштады. Бирок, мыйзам астында жооп беришеби? Чоң күмөнүбүз бар.
Жалгыз эле Арабаев менен токтоп калбаш керек. Сегизбаев, Жолдубаева, Токбаева, саясый туткундарды соттошкон тергөөчүлөр, соттор, ошонун баары жооп бере турган күн келеринен үмүттөнөбүз. Биз бир аз түшүнбөй атабыз, чындап эле ошол кылган кылмыштары үчүн кармалдыбы же болбосо сылап, сыйпап туруп кайра коё береби? Азырынча билбейбиз. Шоу же спектакль кылып койгон болсо, анда биздин үмүмтүбүзгө чоң суу себет.
Булак: «АЗИЯnews»