www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3 миллион окуу китебинен кеткен катага ким жооп берет? Бакиевдин убагында Каныбек Осмоналиев деген Билим министри болгон. Окуу китептериндеги каталар тууралуу аябай кейип жүрөт. Чындыгы бар мектеп окуучулары китепти карап жазганды үйрөнүшөт, эгер китепте ката болсо алар өмүр боюу ката жазып калышат. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» ушундай ката окуу китеби менен окуган окуучулардан эмнени күтүүгө болот? Ал эми билим берүү министри кенебей: «Ката болсо эмне экен» -дегени өкүнүчтүү.
Учурунда Икрам Илмияновдун жардамы аркылуу министр болуп келген Гүлмира Кудайбердиева бүгүн кетирген каталарын мойнуна албастан догурунуп отурат. Шопур дайындаган министр мындан башка эмне дей алат эле? Ал эми мурунку министр ишти билген Каныбек Осмоналиев бул ката үчүн ичи түтөп кетип жатат. Кантсе да Осмоналиев билимдин кишиси экенин сездирип койду. Чындыгы мурун шопурлар эмес, президент дайындаган кесипкөй адамдар министр болушчу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости