www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батукаевди качыргандыгы үчүн Атамбаев күнөөлүү, экс Башкы прокурор Аида Салянованын чыпалактай да күнөөсү жок экен. Керек болсо ошол кезде омбудсмен болуп туруп “Батукаев ооруп өлгөн жатат, чыгарбасак байкуш өлүп калат”деп тоту куштай сайрап отурган Турсунбек Акундун да опол тоодой жүгү бар. Принципиалдуу позициясы бар Салянова Башкы прокурор катары кыргыздарды “түрмөнүн түбүнө” чиритип, параша жедирип жатканда айыпкерлерди колдоочу Турсунбек Акун кайда эле? Же жердеши, карындашы нарындык бирок Нарынга батпай көчүп келген Саляновага гана болушуп, омбудсмен болуп турганда “башкалар камалса камала берсин” деген акыйкаттуу пикири бар беле? Кримавторитет Батукаевди бошоткон Башкы прокурор Аида Салянова ошол кездеги президент Атамбаевдин түз көрсөтмөсү, буйругу менен иштеген деп бул ишти уюштурганды Атамбаевге шылтоолойт. Батукаевди Атамбаев кетирдиби же Салянова бошоттубу, эптеп кеткенине алты жыл болду, анда неге уялбай “үч күндөн кийин өлүп калат экен” деп муун-жүнү бошоп ыйлап жаткан, ошол кездеги омбудсмен ошол кездеги Башкы прокурор карындашына болушуп жатат, балким анын жанына жатар мезгил жеткендир?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости