www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарынын мэри Арпачиев Данияр Карагулович ээлеген кызматынан бошотулду. Буга дейре Арпачиевди иштен албай калкалап келе жаткан өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев шаардык кеңештин депутаттары менен тиреше бергенден майнап чыкпасын билди окшойт. Акыры кызматтан алган буйрукка кол койду.
Дегенибиз, буга чейин Каракол шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн чечимди Абулгазиевге жолдошкон болчу. Арпачиев бул жагдайды саясий мотив бардыгы менен түшүндүрсө, премьер-министр шаардык кеңештин чечимин четке каккан.
Эми болсо, кайра айла жок иштен алууга аргасыз болуп отурат. Акыры ушуңдай болоору айдан-ачык болгон соң, тырышпай эле иштен алса болмок экен. Мына эми өзүнүн аброюна көлөкө түшүрүп, өзүнө-өзү каршы чечим чыгарып кадыры кетти.
Булак: "Фабула"