www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-бажычы Кубанычбек Кулматов, экс-мэр Албек Ибраимов жана экс-премьер Сапар Исаков саясий туткундар эмес. Саясий туткундарды коргоо комитетинин мүчөсү Зульфия Марат “биз отуруп алып дыкат талкууладык жана аларды учурда саясий куугунтукта деп эсептей албайбыз деп чечтик” – деп билдирди. Анын айтымында, Комитет акыркы жолу Садыр Жапаров менен Канат Исаевди саясий туткун деп тапкан.
“Мен Кулматовдун азыркы президенттин саясатын сындаган пикирлерин эстей албайм. ТЭЦ иши боюнча фигуранттарды алсак, бул жерде сөз кылмыш жасоо жөнүндө гана жүрүүдө деп эсептейм”, - деди Зульфия Марат. Ал кыргыз мыйзамдарында саясий туткун түшүнүгү камтылбагандыгын кошумчалады.
“Саясий туткун боюнча эл аралык практика бар, бул – биринчи кезекте, өз пикири бар жана аны көп ирет ачык билдирген адам. Так ушундай оппозициялык пикири үчүн ал кодуланат жана куугунтукталат”, - дейт Саясий туткундарды коргоо комитетинин өкүлү.
Булак: NazarNews.kg