www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаевдин келиши бир деңгээлде Москва менен макулдашуу болгонун күбөлөйт. Мындай пикирди Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов билдирди. 

--"Азыр Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле кандай? деген суроо жаралат. Өзгөчө эч нерсе жок, мурунку мезгилдерге салыштырмалуу көңүл бурууга арзый турган укмуштуу же таасирдүү нерселерди мен белгилегим келбейт.

Кыргызстандын алтынчы президенти Москвага барып келди, аны карап, угушту. Ал өзүн токтоо алып жүрдү. Себеби, анын тамырын тартып жатканын түшүндү.

Ал бир жума мурун убадасын аткаруу үчүн кичинекей сыноодон өттү. Биринчи президент Аскар Акаевди чакырып, анын коопсуздугуна кепилдик берди жана аткарды. Аскар Акаев мурдагы күнү Москвага кайтты.

Мунун өзү кайсы бир деңгээлде Москва менен макулдашуу болгонун күбөлөйт. Орус бийлиги буга канааттанбай калышы мүмкүн эмес эле", - дейт эксперт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости