www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-августта пара алууга айыпталган Караганда облустук экономикалык сотунун судьясы Ержан Габдуллинге жана “Оливия” компаниясынын пара берүүгө айыпталган юристи Елена Кантер-Скрипкинага карата өкүм чыкты. Сот чечимине ылайык, Габдуллин тогуз жылга, Кантар-Скрипкина үч жылга эркинен ажыратылып, экөөнүн тең өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынды.

Мындан тышкары судьянын үйүндөгү тинтүүдө табылган 10 миң доллар жана үч миллион теңге мамлекеттин пайдасына алынмай болду. Тергөөнүн маалыматына караганда, Кантер-Скрипкина Габдуллинден соттошуп жаткан компаниялардын биринин пайдасына чечим чыгарып берүүнү өтүнүп, ага 10 миң евро жана 10 миң теңге өлчөмүндө пара берген. Сотто Кантер-Скрипкина күнөөсүн мойнуна алып, кылганына өкүнүп жатканын билдирди. Габдуллин айыптоолорду четке кагып, акчаны “Кантер-Скрипкина кайра-кайра телефон чала бербесин деп” алганын, бирок кайра кайтарып берүүнү пландап жатканын айтты.

Эске салсак, буга чейин мамлекеттик айыптоо соттон Габдуллинди алты жылга, Кантер-Скрипкинаны үч жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Адвокаттар Габдуллинди актоону, Кантер-Скрипкинага жеңил жаза чегерүүнү суранган.

Бул иш боюнча сот отурумдары май айында башталган. Соттолуучулар быйыл февралдан бери тергөө абагында камакта отурушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости