www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Динара Кутманова "Кумтөр" эле дей бербей Макмалга да көңүл буруп койсоңуз боло. Мындай пикирди активист Аркарбек Мамытов айтты.

--"Макмал алтын кенин иштеткен "Макмал Голд Компани" макмалдай жайкалган жайлообузду чаңдатып, боз ала талаага айлантып салышты. Кыргыз мамлекетинде экологияны коргой турган орган барбы өзү? Бар болсо алар ушундай экологияны талкалап аткандарды көрбөйбү эмне? Кытайлык ишкерге го баары бир, эптеп алтынды алып, пайдасын көрүп кетип калат. Элди, жерди ойлоп койгон эч ким жокпу бизде? Бул жерде эртең биз калабыз, азабын бир тартабыз. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Кутманова Динара Асиевна "Кумтөр" эле дей бербей "Макмалга" да көңүл буруп койсоңуз боло. Киндик каныңыз тамган жерди да унутпаңыз", - дейт Мамытов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости