www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мамлекеттин кызыкчылыгы бир адамдын же бир ууч топтун кызыкчылыгынан жогору турушу керек», - деди бүгүн, 6-июнда NazarNews маалымат агенттигине энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков.

- Орхан Инан кош жарандуу болгон үчүн Туркиянын атайын кызматы алып кеткен деген маалыматтар айтыла баштады. Ынансак болобу?

- Чынныда бул маесле боюнча менде маалымат жок. Түркиянын жараны болсо, Туркияда кылмыш жазаса, анда ошол себеп менен Туркиянын атайын кызматы алып кетсе керек. Биздин мамлекеттин позициясы бир эле позиция болушу керек. Мамлекеттин кызыкчылыгы бир адамдын же бир ууч топтун кызыкчылыгынан жогору турушу керек.

- Бирок, коомчулукта бул иш үчүн президентке импичмент жарыялап, Ташиев отставкага кетиши керек деген топтор чыга баштады го?

- Албетте жок! Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев отуз жылдын ичинде либералдык көз караш менен, партиялык система менен Кыргызстанды талкалоо, ремонтко жарабай калган абалдан чыгарганга чоң аракет жасап жатышат! Импичмент дегендердин жеке кызыкчылыктары өлкөнүн, жалпы элдин кызыкчылыгынан жогоруу коюп алышкан. Кыргызстанды саздан алып чыгара тургандар ушул эки жигит. Болгону, тазалануу жаңылануу жолго түшүү өтө оор иш. Эл түшүнүп, чыдап, биригип жардам беришибиз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости