www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учак кулаган жердин аныктала электиги айтылды

Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматы байланыш үзүлгөн АН-26 учагынын кулаган жеринин аныкталгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар кызматынын басма сөз кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Бир катар маалымдоо каражаттары куткаруучулар Ан-26 жүргүнчү ташуучу учагы кулап түшүшү мүмкүн болгон жерди табышканы жөнүндө маалыматты жазышты. Учурда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маалыматты тастыктабайт. Издөө улантылууда", - деп билдирген басма сөз кызматынан.

Бүгүн, 6-июлда Орусияда АН-26 жүргүнчү ташуучу учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жатып байланыш үзүлгөн. Учакта 29 адам бар болгон жана анын көпчүлүгү Палана шаарчасынын тургундары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости